Жоробай ажы Шергазыев: Ар бир тапшырманы жоопкерчилик менен аткарып, эң башкысы элибиздин тынчтыгы үчүн эмгектенели

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев  Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустук казыяттын идарасында болуп, казыят кызматкерлери,  шаар, райондун баш имам хатибдери , диний окуу жайлардын мүдүрлөрү менен жолугушту.

Жолугушууда  Жоробай ажы Шергазыев  ыйык Рамазан айына даярдык көрүү тапшырмасын берип, дин кызматкерлерин жоопкерчилик жана таза ниет менен иштөөгө чакырып,  диний кызмат  Жараткандын берген чоң жакшылыгы экендигин  баса белгиледи. Ошондой эле дин кызматкерлеринин билим деңгелин жогорулатуу, калк менен байланышты жандантуу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттешүү, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча маселелерге токтолду.

“Ар бир кылган ишибизди Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн жасайлы! Казыяттардын, хатибияттардын жана окуу жайларыбыздын шарттарын мындан дагы жакшырталы. Ар бир тапшырманы жоопкерчилик менен аткарып, эң башкысы элибиздин тынчтыгы үчүн эмгектенели”,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ошондой эле  Азирети Муфтийдин  милдетин аткаруучу казыят жана хатибияттардын, медреселердин ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиктерге токтолуп, мындан ары активдүү иш алып баруу зарыл экендигин билдирди.