Айыл имамы: Мугалим тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышына ата-эне кызыгып, окуучуларга жардам берүүлөрү милдеттүү

Талас облусунун Кара – Буура районуна караштуу  Кызыл – Адыр айылындагы Манас атындагы орто мектебинде жаштар арасындагы рэкетчиликтин алдын алууда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында   айылдын имамы Марлис Тологонов  билдирди.

Айыл имамынын айтымында Кызыл – Адыр айылынын Манас атындагы орто мектебинин 7-8-9-10 класстарынын окуучуларына рэкетчилик  кылмыш жана Ислам дини каралай тургандыгы айтылып, мектеп жаштарын билимге жана китеп менен дос болууга чакырылды.

“Жаштар, биздин келечегибиз. Балдарыбызга үйдөн,  мектептен дагы жакшы тарбия беришибиз керек. Айлана-чөйрөнү, досту туура тандашыбыз керек. Бирөөнүн мүлкүнө кол салуу Ислам дининде катуу тыюу салынган. Андыктан ушундай түшүндүрүү иштерди байма-бай өткөрүп туру зарыл”, — деди Ислам нуру мечиттин имамы Тологонов Марлис.  

Муну менен катар мектеп окуучуларына билим алуунун артыкчылыгы, ата-энеге кызмат кылуу жана мугалимдерди урматтоо боюнча маалыматтар берилди.

«Мугалим деген ким? Ал билим жолун көрсөтүүчү шам. Андыктан балдарга мектептен эле тарбия берет дебей, үйдөн тарбия берип, балдардын жүрүм-турумуна көңүл буруу керек. Мугалим тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышына ата-эне кызыгып, окуучуларга жардам берүүлөрү милдеттүү»,-дейт айыл имамы.