Жоробай ажы Шергазыев Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал” медресесинин студенттери менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев   Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал” медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, студенттерге «Илим алуу жана напсини тарбиялоо» темасында баяндама жасады.

“Динибиз илим алууга чакырат. Пайгамбарыбыз (САВ) мындай деген: “Көп жеп, көп ичүү менен жүрөктөрүңөрдү өлтүрбөгүлө. Анткени, көп сугарылган өсүмдүк тамыры чирип куурап калгандай эле, жүрөк да (көп жеп-ичүү менен) өлөт». Ошондой эле илим алууга тоскоол болот. Андыктан напси менен күрөшүү аны жеңүү ийгиликке алып  барат”,-деди Жоробай ажы Шергазыев

Муну менен катар Жоробай ажы Шергазыев  илим алуунун пайдасы,  билим алууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр туурасында  айтып, өлкө келечеги болгон жаштарга илим алуу эки дүйнөдө жарык берүүчү чырак экендигин белгиледи.