Манас районунун баш имам хатибинин демилгеси менен мечит имамдары жана жергиликтүү тургандар ишембиликке чыгышып, көчөттөрдү отургузушту

Талас облусунун  Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаевдин  демилгеси менен мечит имамдары жана  жергиликтүү тургандар ишембилик өткөрүштү. Муну менен катар бул күнү мечиттин килемдери жана айлана-чөйрө тазаланып, тосмолор сырдалып, көчөттөр  отургузулду.

“Жазы мезгили келип, ишембиликтерди жана көчөттөрдү отургузуу иш-чараларын баштадык. Бул демилгени районубуздагы  мечиттер дагы колдоого алышты”, — деди баш имам хатиб.

Манас районунун баш имам хатиби мамлекетибиздин жалпы жашоочуларын мекенди таза кармоого жана көчөт отургузууга чакырып, тазалык-ыймандан экендигин билдирди.

««Пайгамбарыбыз (САВ) мындай дейт: «Мусулман киши кандайдыр бир көчөт экпесин, эгер андан инсан, жаныбар же бир куш жесе, ал үчүн кыяматка чейин садака болуп турат». Андыктан биз жашылдандыруу иштерине дайыма көңүл буруп туруубуз керек»,-дейт Миржалал ажы Дадабаев.