Азирети Муфтийдин милдеттин аткаруучу Баткендеги иш сапарынын алкагында айымдар үчүн лекция окуп, окуу борборлору боюнча маалымат берди

Бүгүн, 6-апрелде Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан аялдар үчүн «Напсини канткенде жеңебиз» темасында лекциялык сабак уюштурулду. Иш-чарага Азирети Муфтийдин милдеттин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев катышып, напсини тарбиялоо, үй-бүлө институтун бекемдөө, бала тарбиясы жана билим алуу темаларында тарыхый окуялардын негизинде баяндама жасады.

Иш-чарада суроо-жооп менен коштолуп, Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу аялзаты билимди талыкпастан алып, изденүүнүн үстүндө болуусу керектигин баса белгиледи.

“Эне билимдүү болсо, бала билимдүү болот. Ата-эне тарбиялуу болсо бала дагы тарбиялуу болот. Тарбия үй-бүлөдөн башталат. Андыктан баланын билими, тарбиясы кайрымдуу болуп өсүүсү, боорукерлиги анын ата-энесинен көз каранды”,-деди Жоробай ажы Шергазыев

Жыйын соңунда облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов Азирети Муфтийдин милдеттин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин иш-чарага катышып, маанилүү баяндама жасап бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Жараткан насип кылып, 2017-жылдан бери өлкө аймагында 40 аялдардын окуу борбору ачылды. Эми айымдар менен иштөө жанданып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан бардык аракеттер көрүлөт”,-деди Жоробай ажы.