Исламдагы банк системасы боюнча дин кызматкерлери жана банк тармагында эмгектенген адистерге атайын окуу курсу башталды

Бүгүн, 8-апрелде  Бишкек шаарында Исламдагы банк системасы боюнча дин кызматкерлери жана банк тармагында иш алып барган адистердин катышуусунда атайын окуу курсу башталды. Окууну Бахрейн өлкөсүнөн келген дүйнөгө белгилүү дин аалымы, Ислам банк системасы боюча бир катар өлкөлөрдө лекция өткөн Ибрагим Эсса өтүүдө.

Үч күнгө созулган окуу курсун Эл аралык AAOIFI (Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудитордук уюмунун) өкүлдөрү өтүшүүдө.

Уюштуруучулардын бири “Алхамд Евразия” шария эдвайзери сервисинин жетекчиси Акжигит Кокоевдин айтымында, курстун максаты — каржы механизмдеринде иш жүзүндө колдонулушун эске алуу менен, шарияттын негизги стандарттары жана принциптери жөнүндө катышуучуларга кененирээк билим берүү.

“Окуу курсунан кийин Орто Азия өлкөлөрү анын ичинде Кыргызстанда Ислам банк системасын ишке киргизишине, мындан дагы өнүгүү жолуна түшөт деген ишеничтемин. Менин жеке пикиримде эң туура каржылоо бул Ислам системасы. Муну пайдаланган кардар эч кандай чыгымга учурабайт. Мындан улам дүйнөнүн көп өлкөлөрү ушул системаны тандап алышууда. Кыргызстанда болсо Улуттук Банк аталган системаны ишке киргизип, бүгүнкү күндө айрым банктар кызмат көрсөтүп жатат”,-деди Ибрагим Эсса.

Эскерте кетсек, буга чейин «Alhamd Shariah Advisory Services» компаниясы  Ислам каржы институттарынын бухгалтердик эсеп жана Аудитордук Уюму (AAOIFI) менен өнөктөштүктө, «Sharia AAOIFI» стандарттары боюнча окутуу үчүн дагы эки күндүк курсун жарыялаган.  Окуу курсу шариат стандарттары жана принциптери жаатында билимди кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө арналган. Курстун катышуучулары каржы механизмдерин колдонуунун негизги стандарттарын жана принциптерин үйрөнө алышат.