Чоң-Алайдагы кыз-келиндер үчүн «Айша даанышман эне» аттуу китеп окуу конкурсу уюштурулду

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Карамык айылынын имамы Бекболот Маданов жана орун басары Максат Идиросовдун демөөрчүлүгү алдында аялдар үчүн «Айша даанышман эне» аттуу китеп окуу конкурсу уюштурулду.

Иш-чарага Чоң-Алай районунун баш имам хатибинин орун басары Эрмекали Ботобаев, Карамык айылынын имамдары жана айыл тургундары катышты.

Сынакка жалпысынан  20 миң сомдук  тиричилик буюмдары коюлуп,  жеңүүчүлөргө тапшырылды.

«Айша энебиз атактуу сахабалардын бири болгон Абу Бакр Сыддыктын (Алланын салам дубалары болсун) кызы эле. Ал Пайгамбарыбыздан (с.а.в) илимге байланыштуу хадистерди мусулман коомуна жеткире алды. Биздин энелерибиз, кыз-келиндерибиз дал ушул Айша энебиздин тарбиясын алсын», — деди Эрмекали Ботобаев.