Бишкек шаарындагы мечиттерде эпидемиологиялык абалга байланыштуу аралыктарды сактоо менен намаздар окула баштады

Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Замир кары Ракиевдин буйругу менен ордо калаадагы бардык мечиттерде санитардык талаптарды сактоо менен намаздар окула баштады.

Мындай чечим шаардагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынып, ар бир жаран түшүнүү менен мамиле жасоосу керектиги айтылат.

«Шаарыбыздагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу мечиттерде санитардык талаптарды сакташыбыз керек. Бул, ар бирибиздин ден соолугубуз үчүн керек. Абал турукташканга чейин түшүнүү менен мамиле жасоого чакырып кетем. Мындан ары бардык мечиттерде бул талаптар сакталмакчы»,- деди шаар казысы.