Чоң-Алай районуна пайгамбарыбыздын (САВ) урматына карата китеп окуу боюнча сынак өттү

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айыл аймагындагы «Алайчы уулу Саит» атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде кыз-келиндер арасында «Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр таржымалы» боюнча сынак өттү.

Сынакка жалпысынан 300гө чукул окурман катышып, конкурстун жыйынтыгы 10-апрелде чыгарылмакчы.

«Пайгамбарыбыздын  (САВ) кулк-мүнөзү менен пейилин үйрөнүп, көркөм адептери менен жашайлы.  Ыйык Куранда:  «Ээ, Мухаммад! Албетте Сен ажайып-көркөм кулк-мүнөз ээсисиң!» деп келет. (Ал-Калам сүрөсү, 4-аят)», — деди Эрмекбай ажы Ташбеков.