Мирланбек ажы Токтомушов: Тынчтык болбосо илим алуу, өнүгүү болбойт

 Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов №2024 аскер бөлүгүнө кызмат өтөө үчүн келген жоокерлерге “жоопкерчилик”, “мекенди коргоо”, “ата-энеге кызмат кылуу” темаларында  баянда жасады.

Иш-чара Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан уюштурулуп, аскердик кызматтын жоопкерчилиги айтылды.

“Жогорку билими бар жаштар үчүн аскердик кызмат көптөгөн эшиктердин ачкычы болуп калды. Бул кызматтын жоопкерчилиги оор болуп,   мекенди коргоо менен элдин тынчтыгын сактап, көптөгөн аалымдардын чыгуусуна себепчи болосуздар. Тынчтык болбосо илим алуу, өнүгүү болбойт”, — деди Мирланбек ажы Токтокмушов.