Адамдын жаны аманат! Үйлөнөм деп, башканын тагдырына балта чаппа!

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Айзаданын ата-энесине, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Шариятыбызга жана  адамгерчиликке жатпаган жана инсандын жанын кейиткен аянычтуу окуя болду.

Аял дегенде, сөздүн аталышынан эле туюнтулуп тургандай, аярлай турган назик, алсыз, бирок асыл затты түшүнөбүз. Аялзаты табиятынан коргоого, колдоого муктаж.

Тилекке каршы, карт тарыхта аялзаты көбүнесе басмырлоого дуушар болуп келди. Аялзатына зордук-зомбулук, кызыл камчылык, басмырлоо аракети ар кайсы доордо ар кандай деңгээлде өнүгүп отурду. Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү.

Курани Каримдеги жалпы өкүм-буйруктар эркектерге эле эмес, аялдарга да тиешелүү. Аялдар да күнөөдөн тыйылып, жакшы иш кылууга буюрулган. Ыйык Куранда эркекке да, аялга да атайын кайрылган аяттар бар. Мисалы:

يَٓا اَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمُ الَّذي خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ وَخَلَقَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَبَثَّ مِنْهُمَا رِجَالاً كَثيراً وَنِسَٓاءً

“Оо, адамдар! Силерди бир жан (Адам)дан жаратып, анан андан жубун (Обо энени) жараткан, ошондой эле ал экөөсүнөн көптөгөн эркек жана аялдарды жараткан Эгеңерден корккула!…”[15]

Же болбосо:

وَمَنْ يَعْمَلْ مِنَ الصَّالِحَاتِ مِنْ ذَكَرٍ اَوْ اُنْثٰى وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَاُولٰٓئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ نَقيراً

«Жакшы иштерди жасаган эркекпи, аялбы, эгер алар ыймандуу болушса бейишке киришет. Аларга кымындай да зулумдук кылынбайт»

Бүгүнкү күндө коомубузда айрым учурларда катталып жаткан «аялзатына зомбулук фактылары» кейиштүү жагдай боюнча калууда. Мунун себеби катары Ислам дининен тарбия жана маалыматтын жетишсиздиги деп көрсөтүүгө болот.

Урматтуу мекендештер! Ала качуу арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап үйлөнүүгө шарият жол бербейт.  Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам.  Ушундан улам Ислам дини көрсөткөн жол менен турмуш куруп, башка бирөөнүн өмүрүнө, ден соолугуна кедерги тийгизбөөгө чакырабыз.

Анткени,  адамдын жаны аманат!