Таластагы дин кызматкерлери ишембиликке чыгышып, алма, өрүк жана ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузушууда

Талас облусунун район, шаарларындагы мечиттерде ишембиликтер  өтүп, айлана – чөйрө тазаланды. Муну менен катар  килемдер жуулуп, алма, өрүк жана ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Ишембилик иш-чарасына мечит имамдары  жана жергиликтүү тургундар катышышты.

“Манас, Кара – Буура, Бакай – Ата, Талас району жана Талас шаарында облустун мусулмандар Дин Башкармалыгын буйругун негизинде ишембиликтер өтүүдө. Ислам динин көркүнүн бири, бул тазалык. Ыйык Курани каримде: “Аллах Таала тообо келтирүүчүлөрдү сүйөт жана тазалыкты кармоочуларды да сүйөт”. (Бакара 223)Тазалык иш-чарасы соопту иш”,-деди облустук казыяттан.