![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2021/04/02c4bac5-100f-4728-bac2-8a130afe5516.jpg)
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы мекендештерибиз менен жолугушуп, улуттар арасындагы ынтымак, достук алакаларды бекемдөө, үй-бүлө, ыйман темаларында баяндама жасады.
«Мекендештерибизге дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, улуттар арасындагы ынтымак, биримдик жана достук темаларында баяндамаларды жасап келебиз. Бул чек эмес, алдына пландык иштерибиз турат»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.