Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Токмоктогу республикалык адистештирилген балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборуна барып, бөбөктөрдөн кабар алды

Бүгүн, 12-апрелде ыйык Рамазан айын утурлай Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Чүй облусунун Токмок шаарындагы  республикалык адистештирилген балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборундагы бөбөктөрдөн кабар алып, алардын ал-абалдары менен жеринде таанышты.

Борбордун директору Аманбаева Гульнара Жалиловна Азирети Муфтийдин  милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевге борбор боюнча маалымат берип, кайрымдуу жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

«Элибизде кайрымдуу инсандар көп. Биздин балдарыбыз үчүн дайыма жардамдарын берип келишет»,-деди Аманбаева Гульнара.

Ал эми Азирети Муфтийдин  милдетин аткаруучу балдар биздин келечек экендигин айтып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

«Сиздердин ишиңиздерге ыраазычылык билдиребиз. Бөбөктөрүбүз үчүн ак эмгек кылып, аларга убактыңыздарды, тажрыйбаңыздарды бөлүп жатасыздар. Ошондой эле ар бир бөбөктү карап, энелик мээрим төгүү абдан соопту иш. Жараткан Алла Таалам эселеген соопторду берсин»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Зыяраттын соңунда Азирети Муфтийдин  милдетин аткаруучу бөбөктөр үчүн алып келген таттууларды жана балдарга керетүү буюмдарды тапшырды.