Карылар үйүнө зыярат: Карысы бардын ырысы бар. Биз дайыма карыларыбызды урматтап, аларга кызмат кылышыбыз керек

Бүгүн, 12-апрелде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Бишкек шаарындагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесиндеги карылардан кабар алды.

Зыярат ыйык Рамазан айына карата уюштурулуп, Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу ата-энелерди ыйык орозо айы менен куттуктады.

Иш-чарага КМДБнын иш башкармалык бөлүмүнүн башчысы Алимбай ажы Эргешов, карылар үйүнүн имамы Абдулбасыт ажы Галбаев катышып, чакан белектерин тапшырышты.

«Карысы бардын ырысы бар. Биз дайыма карыларыбызды урматтап, аларга кызмат кылышыбыз керек. Сиздер дайыма элибизге, жерибизге жана мамлекетибизге дуба кылыңыздар. Дагы бир жолу ыйык Рамазан айыңыздар берекелүү жана куттуу болсун. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы сиздерге кызмат кылууга даяр»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми Бишкек шаарындагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемесинин директору Эркингүл Абдылдаева Муфтият тарабынан дайыма колдоо болуп келээрин айтып, ыраазычылыгын билдирди.

«Биздин аталарыбыз жана апаларыбыз дайыма казандын тамагын ичкенди жакшы  көрүшөт. Андыктан мына сиздер үчүн Дин Башкармалык 2 тай казан жана сиздерге тиешелүү буюмдары алып келишти. Биздин мекеменин атынан ыраазычылык билдирем»,-деди Эркингүл Абдылдаева.