Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва баракаатуху!

Урматтуу мекендештер, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштарым! Сиздерди Улуу Рамазан айы менен чын дилимден куттуктайм!

Кут, береке жааган ыйык айда ар бирибиз жакшы иштерди жасап, жаман адаттардан арылалы. Ар бирибиз оңолууга кадам таштап, терс адаттарыбыздан арылалы. Анткени, Жараткан Алла Таала:  “Оо ыйман келтиргендер! Силерге орозо тутуу парз кылынды. Силерден мурдагыларга парз кылынгандай эле. Мүмкүн силер Алладан коркуп, күнөөлөрдөн сактанаарсыңар!” (Бакара. 182). — деп ыйык Куранда эскертет. Алла Таала Рамазан айына эселеп кут береке берип, аны «он бир айдын султаны» кылган. Алла Таала бир Хадиси Кудсиде:  “Адам баласынын орозодон башка ар кандай иштери өзү үчүн жасалат, орозо Мен үчүн жана анын сообун Өзүм берем”,-деди. Бул айда мусулман баласы күнөөлөрдөн тазалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой эле коомдогу ажырымдын бүтөлүшүнө, ынтымактын бекемделишине, өнүгүп-өсүүгө көмөк болуп, кайрымдуулуктарды эселеп жасай турган ай. Пайгамбарыбыздын хадисинде: «Бул ай улуу берекелүү ай. Бул айда кадырлуу бир түн бар, ал түн миң айдан жакшыраак, Алла Таала бул айдын орозосун парз кылды. Түндө намаз (таравих) окууну нафил ибадат кылды. Ким бир жакшылык (нафил ибадат) менен Кудайга жакын болсо, орозодон башка күндөрү парзды аткаргандай сооп алат. Ал эми бир парзды аткарса, орозодон башка күндөрдө 70 парзды аткаргандап сооп алат»,- деп айтылган.

Урматтуу мекендешим! Орозо айы ыймандуулуктун, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүтүн айы. Бул күндөрү жана Рамазандын касиети менен жыл бою өзүбүздүн кылган амалдарыбызды таразалайлы.

Келгилиңиздер! Улуу Рамазан айы биз үчүн Жараткандын кечиримин алууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү шарттаган ай болгондуктан күнөөлөрдөн арылып, жакшы иштерди жасоого, соопту амалдарды аткарууга умтулалы.

Урматтуу мусулмандар бир туугандарым! Жараткан Алла Таала ар бирибиздин туткан орозолорубузду кабыл кылып, билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди кечирсин. Өлкөбүздө тынчтык, ынтымак, токчулук ыроолоп, ар бир үй-бүлөдө сүйүнүч, бакыт, наристенин күлкүсү жаңырсын.  Алла Таалам элибизди жаман оорудан, бөөдө кырсыктан сактасын. Жаштарыбыз ыймандуу, кыздарыбыз уяттуу болсун. Дагы бир жолу ыйык, куттуу жана берекелүү Рамазан айыңыздар маарек болсун!

Сиздерди терең урматтоом менен,

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев