ЖАГЫМДУУ МААНАЙ: Рамазан айынын алгачкы күнү айдоочулар жана калаа тургундары үчүн «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы уюштурулуп, жалпысы болуп 150 баштык таратылды

Бүгүн, 13-апрель улуу Рамазан айынын алгачкы күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Тойбосс жана Салих  компаниялары менен биргеликте  «Биз менен ооз ачыңыз» акциясын Иса Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн  кесилишинде  уюштуруп, саамалыкка КМДБнын маалымат бөлүм башчысы Максат Атабаев жана КМДБнын ажы-умра бөлүм башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев катышты. Рамазан айынын алгачкы күнү жалпысы болуп 150 баштык таратылып, шаар тургундарына майрамдык маанай тартууланды.

Иш-чарага алкагында ордо калаанын жашоочуларына жана ооз ачууга жетишпей бара жаткан жүргүнчүлөргө, айдоочуларга атайын ооз ачууга ылайыкташкан чакан баштыкчалар таратылды.

«Биз жолуктурган айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн көбү орозо кармашыптыр. Чындыгында абдан ыраазы болушуп, ооз ачаарга жетишпей бара жатканда күтүлбөгөн белек болду деп сүйүнүп жатышты. Ыйык айдагы «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы күн сайын калаанын ири көчөлөрүндө уюштурулуп турат»,-деди Максат Атабаев.