Москвада ыйык Рамазан айын утурлай футбол боюнча атайын турнир өтүп, 60 команда беттешке чыгышты

Москва шаарындагы мекендештер ыйык Рамазан айын утурлай футбол боюнча атайын турнир уюштурушуп, жаштар жана аксакалдар болуп, 60 команда  беттешке чыгышты.

Саамалыкка Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев катышып, ыйык Рамазан айынын пазылеттери, спорттун ден соолукка болгон пайдасы боюнча баяндама жасалды.

«60 команда беттешкен спорттук мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, катышуучулар мыкты оюн көрсөтүштү. Жеңүүчүлөр 22-майда Москва шаарындагы Хрокус Сити Хол концерттик залында өтүүчү мавлид кечесинде сыйланат»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Муну менен катар КМДБнын  Орусиядагы өкүлү мындай спорттук иш-чаралар чет жердеги мекендештердин ынтымагын бекемдеп, улуттар арасындагы достукту чыңдай тургандыгын билдирди.

Турнирдин жеңүүчүлөрүнө:

1-орунга 100 000 рубль

2-орунга 60 000 рубль

3-орунга 40 000  рубль акчалай сыйлык коюлган. Ал эми аксакалдар командасынын жеңүүчүлөрүнө  50 000 рубль байге коюлган.