Сүйүмбек ажы Жусубалиев: Ыйык жана кут жааган айда мамлекетибизге өнүгүү, элибизге тунук ыйман менен молчулукту Алла Тааладан сурайм

«Эй, ыйман келтиргендер! Орозо мурдагы коомдорго парз кылынгандай, Алладан коркушуңар үчүн силерге  да парз кылынды». (Бакара сүрөсү, 183 – аят).

Урматтуу мусулман бир туугандар! Ыйык Рамазан айыңыздар куттуу болсун. Рамазан айы береке-кутка толгон ай. Ал айлардын эң улуусу.

Орозо – бул,  Алла Тааланын буйругун аткарып, Анын ыраазылыгын табуу. Бул айда Алла Таала пенделерине чеги жок жакшылыктарын жаадырат. Күнөөлөрүнөн арылгысы келген пенделер үчүн кечиримдүүлүктүн эшиктерин кеңири ачат. Ийненин көзүнчөлүк жакшылыкка  тоодой сооп ыроолойт.

Азирети  Пайгамбарыбыз (САВ) мындай дейт:

«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга  байланат». (Бухари, БадулХолк, 11; Муслим, Сыям 1,2,4,5).

Орозо рухтун эң даамдуу азыктарынын бири болуп эсептелет. Ал пенденин ден  соолугун чыңдоо менен бирге, жана дүйнөсүн көркүнө чыгарат.

Андыктан жан дүйнөнү ыйманга толтурууга ар бирибиз далалат кылып, бул айды ибадат жана соопту иштер менен өткөрөлү.

Менин сүйүктүү бир туугандарым! Ыйык жана кут жааган айда мамлекетибизге өнүгүү, элибизге тунук ыйман менен молчулукту Алла Тааладан сурайм. Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

Сиздерди терең урматтоо менен,

КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев.