Кадамжайдын Кара-Жыгач айылынын имамы жаштар менен биргеликте айылдагы көрүстөнгө көчөт отургузду

Баткен облусунун  Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын имамы Айбек Кузибеков айылдын 2000 жылы туулган жаштары менен биргеликте айылдагы көрүстөнгө көчөт отургузду.

Көчөттөр  жергиликтүү  тургандардын демөөрчүлүгү менен алынып, көчөттөрдү кароо, сугаруу жоопкерчилигин жаштар  алышты.

«Жаштардын бул демилгеси колдоого татыктуу.  Анткени динибизде «эртең кыяматтын болоорун билсең дагы, бир түп көчөт отургуз»- деген улуу сөз бекеринен айтылбаса керек. Айлана-чөйрөнү жашылдандыруу соопту амалдардан»,-деди айыл имамы Айбек Кузибеков.