Ош шаарынын казысынын демилгеси менен медресе мугалимине автоунаа белек кылынды

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин демилгеси менен «Умму Мухаммад» медресесинин мугалими Мухаммад Фарукка «Daemwoo Matiz» үлгүсүндөгү автоунаа белек кылынды.

Мухаммад Фарук 30 пара Куранды толук жаттаган хафиз.  7 кыраат боюнча ижазага ээ болгон. Муну менен катар  тафсир жана хадис илимдеринин терең өздөштүргөн.

 Эскерте кетсек, 2020-жылы Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин демилгеси менен жергиликтүү демөөрчүлөр үй белек кылышкан болчу. Бул жылы берекелүү Рамазан айынын урматына карата авто унаа белек кылынды.