Кумардын шариаттагы өкүмү

Шариатта кумар арам жана чоң күнөө болуп эсептелет. Аллах Таала Куран Каримде кумарды «майсир» деп айткан жана ал жөнүндө мындай дейт:

قول الله تعالى: «يسألونك عن الخمر والميسر قل فيهما إثم كبير ومنافع للناس وإثمهما أكبر من نفعهما إلى آخر الآية» ( سورة البقرة آية: ۲١٩).

“Сенден арак жана кумар оюндары жөнүндө сурашат. Ал экөөндө – чоң күнөө (бар). (Бирок) адамдар үчүн (бир аз) пайдалары да бар. Ал экөөсүнүн пайдасынан күнөөсү чоңураак (сүрө “аль-Бакара”, 219 аят).

قول الله تعالى: «يا أيها الذين آمنوا إنما الخمر والميسر والأنصاب والأزلام رجس من عمل الشيطان فاجتنبوه لعلكم تفلحون. إنما يريد الشيطان أن يوقع بينكم العداوة والبغضاء في الخمر والميسر ويصدكم عن ذكر الله وعن الصلاة فهل أنتم منتهون» (سورة المائدة الآيتان: ٩٠-٩١).

“Эй, момундар! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) орнотулган таштар жана жаанын огу менен төлгө тартуу – шайтандын ыплас иштери. Андан сактангыла! Мүмкүн кутулаарсыңар. Чындыгынды, шайтан аракта, кумарда ортолоруңарга душмандык жана кек салып, Аллахты эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт. Ошондой болсо да тыйылбайсыңарбы?!” (сүрө “аль-Маида”, 90-91 аят).

Аллах Таала кумар жана арак жөнүндө бир аяттын ичинде чогу айткан. Бул кумар канчалык чоң күнөө болгондугун көрсөтөт.  Кумар ар кандай мамилелерде болуусу мүмкүн: Мисалы: Соода-сатыкта, оюндарда жана башка мамилелерде. Муфассирлер жаш балдардын ортосунда болгон оюндарда кумар болсо, аны да болбойт деп жазышкан. Ал оюндарда материалдык нерселер болбосо дагы.

قوله تعالى: «والميسر» الكيسر: قمار العرب بالأزلام. قال ابن عباس: كان الرجل في الجاهلية يخاطر الرجل على أهله وماله فأيهما قمر صاحبه ذهب بماله وأهله فنزلت الآية… وقال مالك: الميسر ميسران: ميسر اللهو وميسر القمار؛ فمن ميسر اللهو: النرد والشطرنجزالملاهي كلها. زميسر القمار: ما يتخاطر الناس عليه. (الجامع لأحكام القرآن ۳/۳٦ ط: دار الكتب العلمية).

وقال عطاء ومحاهد: الميسر: القمار كله حتى لعب الصبيان بالجوز والكعاب. (تفسير السمرقندي ١/۲٠۳).

Кумар соода-сатыктын келишимдеринде да болуусу мүмкүн. Шариатта кумар деп келишим болгон нерсе, ал материалдык баага ээ, бирок келишимдин шарты боюнча киреше же чыгаша болуусу белгисиз учурга байланыштуу  болот. Бул ушундай белгисиз нерсе, ал болуп же болбой дагы калышы мүмкүн. Мындай келишимде пайда, зыяны белгисиз нерсе менен байланып калат жана белгисиздикке алып келет.

Кумарды Аллах Таала жана Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) тыюу салган себебинен шариатта арам болуп эсептелет. Ал эми биз кумарды анализ кылып көрсөк, төмөндөгү зыяндарды түшүнсөк болот:

1-Кумар ойногон адам өзүнүн тапкан мал-мүлкүн туура эмес багыттарга иштетип, балдарынын, өмүрлүк жарынын жана туугандарынын  акысын арам жолго коротуп, зыянга учуратат.

والميسر: القمار مصدر من يسر؛ لأنه أخذ مال الرجل بيسر وسهولة بلا طد وتعب… وفي حكم الميسر أنواع القمار من النرد والشطرنج وغيرهما. (تفسير النسفي ١/١۸۲ ط: دار الكلم الطيب بيروت).

2-Кумарга берилип кетип, үй, мал-мүлкүн жоготуп коюу коркунучу бар. Кумар оюнунун кесепетинен үй-бүлө бузулуп, балдар кароосуз калат. Ошондуктан Кумар шариятта арам болуп саналат.

3-Кумарга берилип кеткен адам өз өмүрүно кол салуу ыктымалы бар. Себеби уттуруп жиберген мүлктөрүн ал акылына келгенден кийин эстеп, шайтандын азгырыгына туш болот.

3-Аллах Таала бири-бирине жардам бергенге жана акыларды сакатаганга өкүм берген. Ал эми кумарда элдин акылары тебеленип калат.

4-экономикага терс таасирди тийгизет.

اعلم أن الميسر سحت باطل؛ لأنه اختطاف لأموال الناس عنهم معتمد على اتباع جهل وحرص وأمنية باطلة وركوب غرر تبعثه هذه على الشرط، وليس له دخل في التمدن والتعاون… ويدعوه قليله إلى كثيره، ولا يدعه حرصه أن يقلع عنه، وعما قليل تكون الترة عليه، وفي الاعتياد بذلك إفساد للأموال ومناقشات طويلة وإهمال للارتفاقات المطلوبة، وإعراض عن التعاون المبني عليه التمدن، والمعاينة تغنيك عن الخبر، هل رأيت من أهل القمار إلا ما ذكرنا؟ (حجة الله البالغة من أمواب ابتغاء الرزق، البيوع المنهي عنها ۲/١٦٤ ط: دار الجيل).

5-кумар душманчылыкты пайда кылат.

فكل لهو دعا قليله إلى كثير، وأوقع العداوة والبغضاء بين العاكفين عليه، وصد عن ذكر الله والصلاة فهو كشرب الخمروأوجب أن يكون حراما مثله… إلخ (الجامع لأحكام القرآن ۳/۳٦ ط: دار الكتب العلمية).

Кумардын ичинде жогору айтылган зыяндардан тышкары да башка зыяндар бар.

Ошон үчүн мусулмандарга кумар бар мамилелерден алыс болуусу зарыл. Аллах Таала баарыбызга ушуга амалды кылууга жардам  берсин.

 الدر: (إن شرط المال) في المسابقة (من جانب واحد وحرم لو شرط) فيها (من الجانبين) لأنه يصير قمارا.

وتحته في الرد: لأن القمار من القمر الذي يزداد تارة وينقص أخرى، وسمى القمار قمارا لأن كل واحد من المقامرين ممن يجوز أن يذهب ماله إلى صاحبه، ويجوز أن يستفيد مال صاحبه، وهو حرام بالنص. (رد المحتار ٦/٤۰۳ ط: سعيد).

لا خلاف بين أهل العلم في تحريم القمار وإن المخاطرة من القمار، قال ابن عباس رضي الله عنه: إن المخاطرة قمار وإن أهل الجاهلية كانوا يخاطرون على المال والزوجة وقد كان ذلك مباحا إلى أن ورد تحريمه (أحكام القرآن، باب تحريم الميسر ۱/۳۳۹، وكذا في أحكام القرآن للتهانوي ۱/۳۹۳).

 تعليق الملك على الخطر والمال في الجانبين. (جواهر الفقه ۲/۲۲۷).