Ош шаарынын казысы Рамазан айында калаадагы айдоочуларга сапар, ооз ачуу жана ооз бекитүү дубалары камтылган баракчаларды белек кылды

Бүгүн, 14-апрелде Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев шаар тургундарын Рамазан айы менен куттуктап, атайын медресе студенттери менен биргеликте айдоочуларга сапар дубасы, ооз ачуу жана ооз бекитүү дубалары камтылган баракчалар менен ооз ачуу үчүн курма белек кылды.

«Жарандарды Рамазан айы менен куттуктап, пайгамбарыбыз (с.а.в) айткандай курма менен болсо да, ооз ачтырууга аракет кылдык. Ошону менен бирге сапарга чыгууда, ооз ачуу жана ооз бекитүү дубаларды ар дайым өзү бирге ала жүрүүгө ыңгайлуу кылып ыкчам түрдө камтылган баракчаларды тапшырдык. Аллахым орозоңуздарды кабыл кылсын»,-деди шаар казысы.