Кара-Суу районунун баш имам хатибинин демилгесин эл колдоого алып, ишембиликке чыгышты

Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен жергиликтүү жашоочулар ишембиликке чыгышып, Кара-Суу шаарындагы сейил бактын айланасын таштандылардан арылтып, арыктарды тазалашып, гүл отургузууга  жай даярдашты.

Муну менен катар Кара-Суу районундагы мечит имамдары бул демилгени колдоого алышып, мечиттин айлана-чөйрөсүн тазалашып, дезинфекциялоо иштерин жүргүзүштү.

«Пайгамбарыбыз (САВ):  «Албетте, Аллах таза зат, тазалыкты сүйөт»,-деп айткан.  Мусулман адамдын жүрөгү, денеси, кийген  кийими, намаз окуучу жайы жана  жашаган жери таза болуш керек», — деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби.