Баткен шаарынын баш имам хатиби окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын суроолоруна жооп берди

Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусов  Баткен районунун Кара-Булак айылынын имам хатиби Манас Абдипатта уулу менен биргеликте С.Эрматов атындагы орто мектебинин окуучулары жана мугалимдери менен жолугушуп, аларга «Ислам тынчтыктын дини» аттуу теманын алкагында баяндама жасады.

Муну менен катар  Ислам дининин баалуулугу, терс агымдардан оолак болуу керектиги айтылды.

«Терроризм жана экстремизмдин мекени жок. Эгер кандайдыр бир суроо жаралса илими бар адистер гана жооп бериши керек. Себеби, дин боюнча толук түшүнүгү жок инсан терроризм менен динди ажырата билбейт. Ошондуктан дин тууралуу маалыматтарды атайын расмий дин кызматкерлеринен алууга чакырам»,-деди Абдурашид ажы Юнусов