Ош шаарында Рамазан айына карата 500 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды

Рамазан айына карата Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан борбордук Сулайман-Тоо мечитинде 500 үй-бүлөгө жардам баштыкчалары таратылды. 
 
Кайрымдуулук саамалыгынын алкагында Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жарандарды  Рамазан айы менен куттуктап, бул айда көптөгөн соопту иштерди аткарууга чакырды.

«Рамазан айында ооз жабуу жана ооз ачуу үчүн бул азык-түлүктөр аз да болсо, жардам болот деген ишеничтебиз. Кайрымдуулук иштерин тез-тез өткөрүүгө аракеттенип, муктаждар үчүн бардык аракеттерди жумшайбыз»,- деди шаар казысы.

Эскерте кетсек, кайрымдуулук иш-чарасын жергиликтүү демөөрчүлөр колдоого алышып, муктаждар үчүн майрамдык маанай тартылууланды.