Чоң-Алай районунда мавлид кечеси өтүп, китеп окуу конкурсунун жыйынтыгы чыкты

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында аялдарга арналган мавлид кечеси өттү. Саамалыкка Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, облустук казыяттын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова, Чоң-Алай районунун башкы имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков катышты.

Облус казысы мындай саамалыктардын өтүүсү жарандардын диний жааттагы маалыматын кеңейтип, туура түшүнүк алууга өбөлгө болоорун баса белгиледи.  

“Пайгамбарыбыздын (с.а.в):  “Ким Мединанын ысык-суугуна сабыр кылса, ага шапаат кылам”,- деген маанидеги хадиси бар. Сиздер ушундай суук күндөрдө да даарат алып, намаз окуп, Алла тааланын ыраазылыгын табайын деп келесиздер. Бул чоң өзгөрүү жана эми  пайгамбарыбыздын (с.а.в.) турмуш жолун үлгү кармайлы”,-деди Самидин кары Атабаев.

Мындан сырткары облус казысы мавлиддин маани-маңызы, өкүмү жана артыкчылыктары боюнча сөз кылып, Рамазан айынын пазилеттери боюнча кеңири баяндама жасады.

Ал эми аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова иш-чараны өткөрүүгө салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирип, мындай саамалыкты айыл жерине баштоо керектигине токтолду.

“Айыл жергесинде туруп,  райондук деңгээлде аялдарга багытталган мавлид кечесин өткөрүү оор иш. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Ушул иш-чарага ат көтөргүс салым кошкон Назбүбү Берхмаматовага, китеп окуу конкурсун уюштурган “Ыйман” аялдар маданий  борборуна  ыракмат”, – деди Жамийла Жапашова.

Мавлид кечесинин соңунда “Сагындык сени, я Расулалла” аттуу райондук деңгээлдеги өткөрүлгөн китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшырылды. Аталган китеп окуу конкурсуна жалпысы болуп 300 окурман катышкан.