Ош облусунун мусулмандар казысы иш сапары менен Кара-Кулжа районуна барып, жергиликтүү тургундарга илим алуу, кошунанын акысы боюнча баяндама жасады

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Кара-Кулжа районуна караштуу Буйга айылындагы Абдыраман Акматов орто мектебиндеги иш-чарада  айыл тургундарын жана мектеп окуучуларын кирип келген ыйык Рамазан айы менен куттуктап, илим алууга, кошунанын акысын кынтыксыз аткарууга, туура кийинүү адебине, ата-эне жана мугалимдерди урматтоого чакырды.

Иш-чарага Кара-Кулжа районунун башкы имам хатиби Дастан ажы Мамаев, Абдыраман Акматов мектебинин директору Полотбек Топчубаев, мечит имамы, мектеп окутуучулары жана айыл тургундары  катышты.

«Ыйык Рамазан айы кут болсун. Бул ай бизге келген конок сыяктуу жана ошол коноктордун эң улуусу. Аллах Таалам ыйык Куранда: ‟Эй ыймандуулар! Силерден мурдагыларга парз кылынгандай эле орозо кармоо  силерге да парз кылынды. Силердин такыба болууңар үчүн” (Бакара 2/183)деди. Рамазан айында жаман ишке азгыруучу шайтандар байланат жана биз өзүбүз напсибиз менен күрөшөбүз. Ошондой эле бул айда жыл сайын эч чарчоосуз эмгектенген дене мүчөлөрүбүз, анын ичинде сиңирүүчү, аш кылуучу органдарыбыз жана кан тамырларыбыз аз да болсо эс алат. Орозо кармап чексиз соопторого ээ бололу жана ден соолукту чыңдайлы», -деди облус казысы.