Бөлүнүү же болбосо бирин-бирин басмырлоо эч бир жакшылыкка алып барбайт

Араван районуна караштуу Мангыт айылындагы А. Эргенов атындагы орто мектебинде райондун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусуповдун катышуусунда «Этностор аралык мамиле» аталышындагы  жыйын өттү.

Жыйынга Араван райондук аксакалдар кеңешинин мүчөсү Абдырахман ажы Динисламов, райондук этностор аралык мамилелер агенттигинин жооптуу катчысы Мурадыл Тохтасинов, РИИБ кызматкери Айбек Эргешов жана мектеп окуучулары катышты.

Иш-чарада баш  имам хатиб Алибек ажы Жусупов мусулмандар бир тууган экенин баса белгилеп, мектеп окуучуларын ынтымакка, биримдике жана илим алууга чакырды.

 «Бөлүнүү же болбосо бирин-бири басмырлоо эч бир жакшылыкка алып барбайт. Ыйык Куранда: ‟Бардык мусулмандар бир тууган” деди. Бири-бирибиздин акыларыбызга кирип калуудан узак бололу», — деди Алибек ажы Жусупов.