Сүйүмбек ажы Жусубалиев: Орозо пенденин ден соолугун чыңдоо менен бирге, жана дүйнөсүн көркүнө чыгарат

Ыйык Рамазан айына карата  КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарында эмгектенген мекендештер менен жолугушуп, орозонун маанилүүлүгү, кайрымдуулук жана мээримдүүлүк боюнча баяндамасын жасады.

Муну менен катар ыйык Рамазан айы боюнча маалымат берип, мекендештерди ыймандуу, ынтымактуу, боорукер болууга чакырды.

«Рамазан айы башталганда бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырга  байланат. (Бухари, БадулХолк, 11; Муслим, Сыям 1,2,4,5). Орозо рухтун эң даамдуу азыктарынын бири болуп эсептелет. Ал пенденин ден  соолугун чыңдоо менен бирге, жана дүйнөсүн көркүнө чыгарат. Андыктан жан дүйнөнү ыйманга толтурууга ар бирибиз далалат кылып, бул айды ибадат жана соопту иштер менен өткөрөлү»,-деди КМДБнын Орусиядагы өкүлү.