Асанбеков Жарашбек: Жолдон тикенекти алып салуу, бул да садака

Куран аяттарын, пайгамбарыбыздын САВ хадистерин көңүл коюп окуп көрсөк жаратылыш, табият жөнүндө көптөгөн аят-хадистерди окуйбуз. Бул аят-хадистердин эң негизги максаты чөйрөнү таза сактап, жаратылышка кылдаттык менен мамиледе болуу. Ошондой эле көптөгөн аят-хадистер жер бетинде бузукулук кылып, табиятты булгоодон тыйган. Мындай пикирин Ысык-Көл районуна караштуу Григорьевка айылындагы борбордук мечитинин имамы жергиликтүү жамаат менен бирге өткөрүлгөн  ишембиликте билдирди.

«Алла Таала табиятты таза, кооз жана пайдалуу абалда жараткан. Бул жөнүндө Алла Таала Куранда мындай дейт: “Алар үстүлөрүндөгү  асманга карашпайбы? Биз аны кандайча куруп кооздогонубузга жана анда (асманда) эч кандай жылчык жок экендигине карашпайбы. Биз жерди жайып кенен кылдык жана анда тоолорду орноттук. Анан анда түрдүү кооз өсүмдүктөрдү жуп-жубу менен өстүрдүк”. (Кооф сүрөсү, 6-7 аяттар),-дейт айыл имамы.

Муну менен катар айыл имамы жолдон тикенекти алып салуу бул да садака экендигин айтып, айыл тургундарын жаратылышка жакшы мамиле кылууга үндөдү.

«Абу Хурайрадан (Алла Таала андан ыраазы болсун) риваят, Пайгамбарыбыз САВ мындай дейт: “Жолдон тикенекти алып салууң бул да садака (болот)”. (Муслим-2288). Бул хадисте машинадан же үйдүн терезесинен ошондой эле, иштеген же жашаган жеринде таштандыларды ыргытпоо маселеси да кирет. Себеби, мындай кылуусу менен ал башкаларга ызаа келтирбей калат»,-дейт айыл имамы Асанбеков Жарашбек.