Жергиликтүү тургундар Шарк айылындагы «Имам-Ата» мечитинин имамына «Hunday Avante» үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы «Имам-Ата» мечитинин имамы Ахматалиев Юсуфханга мечит жамааты «Hunday Avante» үлгүсүндөгү автоунаасын белек кылышты.

Демилгени айыл аксакалы  Маннаб ажы Мадумаров көтөрүп, жергиликтүү тургундар, Орусия жана Корея мамлекетинде эмгектенип жүргөн мекендештер  колдоого алышкан.

«Кадырман калкыбыз ар убак имамдарды сыйлап келишкен. Жергиликтүү жамаат тарабынан көрсөтүлгөн мындай сый-урмат, колдоо, албетте имамдарга дем-күч берет»,-деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Ахматалиев Юсуфхан  «Имам-Ата» мечитинде 7 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет. Курани Каримди тажвид эрежеси менен окуп, айыл элине кызмат кылып келүүдө. Ахматалиев Юсуфхан учурда «Имам-Ата» мечитин заманбап шарттары менен жаңылоодо.