Мавлиддин өкүмү

Бисмиллахир-рохманир-рохим

            Мээримдүү жана ырайымдуу, улуулугу чексиз болгон Аллага мактоо, бүткүл ааламга белек кылып жөнөткөн Анын элчиси Мухаммед пайгамбарыбызга, үй-бүлө жана сахабаларына, аларды жакшылык менен ээрчигендерге  салам-салаваттар болсун.

            Чындыгында элибиздин диний сабаты жогорулап, убакыт өткөн сайын жаңы суроолор түшүүдө. Алардын бири «мавлид» маселеси. Кээ бирлери терең билбегендиктен, мавлид туурасында элге туура эмес түшүнүк берип келишет. Мындай учурда малыматтуулардын жалпы элге туура жолду көрсөтүп бериши милдет болуп саналат. Себеби, илимдүүлөрдөн жооп болбосо, элдин адашып кетиши ыктымал.

            «Мавлид» — сөздүктө «туулган жер» же «туулган убакыт» деген мааниге келет.[1] Ал эми терминдик мааниси, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) туулган күнүндө же айында жамаат менен өткөрүлүүчү иш-чара деген маанини туюнтат.

            Баарыбыз билгендей, пайгамбарыбыз (с.а.в.) хижрий жыл санагы боюнча Рабиуль-Аввал айында дүйшөмбү күнү жарык дүйнөгө келген. Туулган күнү туурасында талаш пикирлер бар.  Негизинен ушул айда пайгамбарыбызга (с.а.в.) арнап иш-чара өткөрүүгө болобу же болбойбу? Ушул туурасында кеп кылмакчыбыз.

            Мавлид өткөрүүнүн себеби – пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жарык дүйнөгө келгендигине кубанып, Аллага бүт ааламга берген белеги үчүн ыраазычылык билдирүү. Ушул максатта эл жыйналып, Куран окулат. Аалымдар элге баян айтат. Алланы мактап, шүгүр келтирүүгө үндөйт. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) улуу сыпаттарын айтып, сүннөтү менен өмүр сүрүүгө, акыретти эстетип, ага даярданууга чакырат. Пайгамбарыбызга (с.а.в.) арнап жазылган ыр саптары окулат. Салаваттар айтылат. Келген жамаатка берешен, жоомарт адамдар түркүн даамдарды таратышат. Бей-бечараларга садагалар берилет. Кубанычты, ыраазычылыкты  билдирген бардык иш-чаралар өткөрүлөт. Катышкан элдин Аллага жана пайгамбарыбызга болгон сүйүүсү артып, үйлөрүнө рухий азык алып кайтат. Бул амалдын өткөрүлүүсүнүн дагы бир себеби, жыл өткөн сайын адамдардын пайгамбарыбызды (с.а.в.) тааныбашы күч алган. Көпчүлүк өз пайгамбарынан алыстап, сүннөттөрүн унута баштаган. Бул моралдык ооруга мавлид шыпаа болуп берген. Элдин пайгамбарыбызга (с.а.в.) болгон сүйүүсүнүн жана таануусуна себеп болгон. Мына ушундан кийин кантип мавлидге каршы чыгабыз?

            Эгерде айтылган мавлидге шарият тыюу салган иштер, мисалга: арак ичүү, эркек-аялдардын аралашуусу, пайгамбарыбызды (с.а.в.) мактоодо чектен чыгуу  ж.б. аралашса, туура эмес экендигинде бардык аалымдардын пикири бир (муттафакун алейх). Туура эмес көрүнүштөр аралашпаса, мындай мавлидге жер бетиндеги жумхур (жалпы) аалымдарыбыз уруксат берип, бир канча себептер үчүн бул амал мустахаб деп да айтышкан. Жогоруда айтылган туура эмес көрүнүштөрдү эске алып, жалпы эле уруксат бербеген кээ бир аалымдар да бар.[2]

            Эң биринчи расмий түрдө мавлид өткөрүп баштаган Ирбилдин падышасы  Музаффар Абу Саъид Кавкабри (630-хижри жылы көз жумган) болгон. Муну ошол доордун аалымдары, Ибн Касир өз китебинде мактаган.[3]

Мавлидге уруксат бергендер

            Мавлидге уруксат бергендер Имам Абул Хитаб бин Дихя, Имам Ибн Халкан, Имам Захаби, Имам Насири, Музаффар падыша, Юсуф бин Абдул Хак падыша ж.б. Бану Азафи падышалары.

            Ибн Халкан китебинде айтат: Зуннасабайн аты менен белгилүү болгон Хафиз Абул Хитаб Ибн Дихя Ирбилге келгенде, падышасы Музаффардын мавлидге өзгөчө көңүл бөлгөнүн көрүп, ага «Танвир фи мадхи сиражил мунир» аттуу китеп жазып берген. Китебинин акырында Музаффарды мактаган. Ал китебин падышага өзү окуп берген.[4]

            «Сияру аълами нубала» китебинде:  Анын мавлид өткөрүүсүн айтып бүтө албайсың, ар тараптан адамдар келет, кооз чатырлар тигилет, оюн-зооктор болот, көптөпгөн уйлар, төөлөр, койлор союлуп, түрдүү тамактар бышырылат. Суфийлер сыйланат. Аянтта аалымдар баян айтышат, чоң өлчөмдө акча инфак-ихсан кылынат, мындай иш-чаралар бир канча күнгө уланат. Ибн Дихяга китеп жазгандыгы үчүн миң алтын динар берген деп келет. Бул китепте да Музаффар макталган.[5]

            Абул Аббас Аннасиринин «Истикса лиахбари дувалил магрибил-Акса» китебинде падыша Юсуф бин Якуб мавлид өткөргөндүгү, мавлидге факих    Абу Яхья катышканы айтылган.[6]

            Имам Нававинин устазы Имам Абу Шама өз китебинде мавлид тууралуу жакшы сөздөрдү айткан.[7]

            Ибн Касир падыша Мухаффарды аябай мактаган. Музаффар өткөргөн мавлидге катышкандардын бири айткан: «Дасторконго беш миң куурулган баш, он миң тоок, жүз миң быштак, отуз миң шириндик салынган табак коюлган. Улуу аалымдар, суфийлер катышат эле».[8] Ибн Касир мавлидде окулуучу китеп да жазган.

            Имам ибн Хажар Аскалани, Имам аль-Макризи[9], Имам ибн Мулаккин, Имам ибн аль-Жазари[10], Имам ибн Насируддин, аль-Бусти аль-Малики, Имам Фатхулла аль-Банаани, Имам ибн Аббад аль-Малики,[11] Имам Жалалуддин ас-Суюти[12], Имам ибнул-Жавзи, Имам ас-Сахви, Имам ибн Хажар аль-Хайтами[13], Имам аль-Халаби[14], Имам ас-Салихи[15], Имам Ахмад аль-Мукри ат-Тилмисани[16], Султан Абу Хамв, ошондой эле Марокко, Андалусия падышалары уруксат беришкен жана өткөрүшкөн. Мындан сырткары Имам аш-Шихаб аль-Касталани[17], Имам аз-Заркани аль-Малики[18], Имам Мухаммед бин Умар[19], Имам Нажмуддин ал-Гити, Имам Лаккани, Шейх Тахтави[20], Имам ибн Аабидин жана башка көптөгөн аалымдар мавлид өткөрүүнү туура көрүп, мустахаб деп айтышкан.

            Сахабалардын жана табиъиндердин мавлид өткөрбөгөндүгү анык. Бирок алар кылбаган иштер туура эмес деген нерсе жок. Демек мавлид өткөрүү бидъат-и хасана болуп эсептелет. Себеби шариатыбызда бул амалдын түпкү негизи бар.

Уруксат берген аалымдардын негизги далилдери:

            Пайгамбарыбыз (с.а.в.) төрөлгөндө жөөт аалымдары асманда акыркы пайгамбарга таандык кызыл жылдыз чыккандыгын айтышкан[21] жана Шам сарайларын жарык кылган нур да пайда болгон.  Кисранын сарайы урап, устундары кулаган, Персиянын кылымдар бою өчпөгөн оту өчкөн, Савих көлү соолуган өңдүү ж.б. кереметтүү көрүнүштөр жүз берген.[22] Ушулардын баары Алланын кудирети менен дүйнөгө келүүчү пайгамбардын урматы үчүн болгон. Мына ушуну негиз алган кээ бир аалымдар, «Биз дагы ар жылы пайгамбарыбыздын (с.а.в.) туулгандыгы үчүн кубанып, мавлид өткөрсөк болот» деп  айтышкан.[23]

             Имам ибн Хажар, «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мединага келип, ашура күнү жөөттөрдүн орозо кармаганын көргөн. Алар, «Бул күнү Фараон чөгүп, Муса (а.с.) кутулган күн, ошондуктан Аллага шүгүр келтирип, орозо кармайбыз», – деп айтканын белгилеп өтүп, «Алланын берген белектерине, белгилүү күндөрү, бир канча ибадаттар менен шүгүр келтирүү уруксат экени маалым болот. Мээрим пайгамбарынын төрөлүүсүнөн артык белек жок. Ошол күнү пайгамбарыбызды (с.а.в.) мактаган, жүрөктөрдү таасирленткен, жакшы иштерди кылууга, акырет күнүнө даярданууга чакырган касидалар (ыр) окулат. Кубанычты билдирген бардык иш-чараларды кылса болот» – деп айткан.[24]

            Имам Суюти: «Имам Байхаки Анастан (р.а.) риваят кылат: Пайгамбарыбыз  (с.а.в.) пайгамбар болгондон кийин, чоң атасы жети жашында ага акыйка кылса деле өзүнө атап акыйка кылган. Негизи акыйка эки жолу кылынбайт. Бизге мындан, пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзүнө салават айткандай, Алланын ааламдарга мээрим кылып жөнөткөнүнө шүгүр келтирип жасагандыгы маалым болот. Бизге да пайгамбарыбыздын (с.а.в.) төрөлгөнүнө шүгүр келтирип, сүйүнүчтү билдирген түрдүү ибадат ж.б. жакшы иштерди кылуу мустахаб», – деген.[25]

            Имам ибн аль-Жазаринин жана Имам Шамсуддиндин эмгегинде төмөнкүдөй маалымат берилет. Имам ибн Хажар: «Аббас (р.а.) түшүндө Абу Лахабды аябай жаман абалда көрөт. Абу Лахаб ага: Силерден кийин жакшылык көрбөдүм. Бирок дүйшөмбү күнү азап бир аз жеңилдейт – деп айтат. Аббас (р.а.): Анын себеби, пайгамбарыбыз (с.а.в.) дүйшөмбү күнү төрөлгөн. Сувайба Абу Лахабга сүйүнчүлөп барганда, аны боштондука чыгарган – деген.[26]  Керек болсо Куранда наалатталган каапыр пайгамбарыбыздын (с.а.в.) төрөлгөнүнө сүйүнүп койгону үчүн эле пайдасын көрүп жатат. Ал эми үммөтүнөн болгон бир момун ал үчүн сүйүнсө, аны Алла пазилети менен жаннатка киргизбейби?[27]    

            Аалымдардын мындан башка айрым далилдерине токтолсок: пайгамбарыбыз (с.а.в.) биринчи күнү төрөлгөндүгү үчүн орозо туткан[28], исра түнү Жабраил (а.с.) пайгамбарыбызды (с.а.в.) Иса (а.с.) төрөлгөн жерге намаз окуганга буюрган[29],  хадистерде жума күнүнүн пазилеттүү болуусунун себебинин арасында Адамдын (а.с.) ушул күнү жаралгандыгы айтылган.[30] Эми эмне үчүн улуу пайгамбарыбыз (с.а.в.) туулган күн пазилеттүү болбосун?!  Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) абасы Аббас (р.а.) пайгамбарыбызга (с.а.в.) сизди мактагым келип жатат дегенде, пайгамбарыбыз (с.а.в.) уруксат берген. Ошондо ал пайгамбарыбызды (с.а.в.) көзүнчө ыр менен аябай мактаган[31].

            Мавлидди падыша Музаффар баштаганда эч бир аалым тыйган эмес. Демек бул аалымдардан ижмаъ сукути (келишим) болгон.[32]           Шейх Абу Муса Зархуни түшүндө пайгамбарыбызды (с.а.в.) көрүп мавлид жөнүндө сураса, пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Ким  биз менен кубанып-сүйүнсө, биз да ал менен кубанып-сүйүнөбүз», – деп жооп берген. Жана башка улуу адамдар ушул сыяктуу түштөрдү көрүшкөн.[33]

            Мавлид мусулмандардын майрамдарынын бири. Көптөгөн аяттардын ичинде ишааралар бар. Буларды айтып отурсак сөз өтө узарып кетет.[34] Кайсыл жылы мавлид өткөрүлсө, келерки жылга чейин береке, молчулук болот. VII кылымдан бери Мекке, Медина жана бүткүл ислам ааламында күн чыгыштан күн батышка чейин мавлид өткөрүлүп келген. Буга эч бир улуу аалым каршы чыккан эмес. Тескерисинче, өздөрү катышып, жакшы сөздөрүн айтышкан. Мавлидге арналып он үчтөн көп касидалар (ыр) жазылган.[35] Мавлидди ата-бабаларыбыз илгертен бери өткөрүп келишкен. Мавлид туурасында аалымдардын сөздөрү аябай көп болгондуктан кыскача гана баяндоого туура келди.

Тыйгандар жана алардын далилдери

            Имам Такиюддин ибн Таймия  мавлидди тыйган. Бирок пайгамбарды (с.а.в.) сүйгөндүктөн өткөрсө, жакшы ниети үчүн Алла сооп берет деген.[36]

            Имам аль-Факихи мавлидди бидъат деген.[37] Бирок Имам Суюти бул имамдын ар бир сөзүн четке каккан.[38]

            Имам ибнул-Хаж болсо мавлиддин өзүн эмес, ошол күнү аткарылуучу туура эмес иштер үчүн тыйган. Булардын далилдерине токтолсок:

            1) Мавлид өткөрүү, пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадисинде тыйган бидъат иштерден дешет.

            Жумхур аалымдарыбыз бул сөзгө мындай жооп беришет. Хадисте тыйылган бидъат бул – шариятта эч бир  тамыры, негизи жок болгон иштер. Себеби хадисте «Ким биздин ишибизде (шариатыбызда) жок нерсени пайда кылса, ал кайтарылат (кабыл кылынбайт)» деп келген. Демек шариятта негизи бар нерсени пайда кылса, ал кабыл кылынат. Көптөгөн хадистерде мавлидде аткарылчу иштердин баарына чакырыктар жана кызыктыруулар бар.[39]   

            2) Салафу Салихийн (хижрий жыл эсеби боюнча, алгачкы үч кылымдын жашоочулары) мавлид өткөргөн эмес. Эгерде жакшы иш болгондо алар да өткөрүшмөк дешет.

            Жумхур аалымдарыбыз бул тыянакка да төмөндөгүчө жооп беришет. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.), сахабалардын, табииндердин (салафу салих) аткарбаган иштери «туура эмес», «тыйылган» экендигин билдирбейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) аткарбаган канчалаган амалдар бар. Булардын кээ бирлерин сахабалар аткарышкан. Мисалга, Куранды топтоо, тарава намазын жамаат менен окуп, хатмул-Куран кылуу ж.б. Ошондой эле сахабалар аткарбаган амалдарды табииндер аткарышкан. Мисалга: китептерди жазуу, илимдерди бөлүштүрүү (классификациялоо) ж.б. Биз деле пайгамбарыбыз (с.а.в.), сахабалар, салафу салихтер кылбаган канчалаган иштерди кылабыз. Мисалга: Университеттерди, институттарды ачуу[40], үч күн, кырк күн, төрт ай дааватка чыгуу ж.б.у.с.

             Пайгамбарыбызды (с.а.в.) улуу аалымдарыбыз ар түрдүү иштер, сөздөр менен улукташкан. Бирок алардын эч бирин пайгамбарыбыз (с.а.в.) жана сахабалар айткан да, аткарган да эмес. Эч ким алардын ишин бидъат деген эмес. Себеби пайгамбарыбызды (с.а.в.) урматтоонун түрү чектелген эмес. Шариаттын негиздерине каршы келбесе болгону.[41]

            «Деңизден бир тамчы» дегендей, имам Шафиъи имам Маликтин эшигинин алдында Хорасандан келген асыл тукум жылкыларды, Египеттен келген качырларды көрүп, «кандай гана кооз», – деп таңданат. Имам Малик: «Булардын баарын сага белеке бердим», – дейт. Имам Шафиъи: «минип жүргөнгө өзүңүзгө бирин алып калыңыз», – дейт. Анда имам Малик: «Мен пайгамбар (с.а.в.) жаткан жердин топурагын жаныбырдын буту менен басуудан Алладан уяламын», – дейт.[42] Эч ким имам Маликтин бул ишин «бидъат», «бир да сахаба кылган эмес» деп айыптаган эмес. Бул сыяктуу окуялар улуу имамдардын тарыхында абдан көп. Мисалга: имам Жаъфар бин Мухаммад, имам Абдурахман бин Касым, имам Амир бин Абдилла бин Зубайр, имам Зухри, имам Сафван бин Салим, имам Аюб Сихтияни ж.б.

            3) Пайгамбарыбызды (с.а.в.) ашыкча мактоо жана ыйыктоо бар дешет.

            Хадисте келген мактоо (итро) сөзүнүн мааниси, кудай кылып алуу же ошого жакын алып барган сөздөр. Христиандар Иса (а.с.) кудайдын баласы деген сыяктуу. Ал эми мавлиддеги сөздөр ыйыктоого жатпайт. Адамдык асыл сапаттарын айтып урматтоо гана. Алла Таала Куранда өзү урматтого буйруган эмеспи.[43]

            4) Шариятта келеген ибадаттарды, бир убакытка же орунга же бир көрүнүшкө чектөө «тыйылган бидъат» дешет.

            Ибадаттарды чектөө маселесинде кайчы пикирлер бар. Көпчүлүк аалымдар, эки шарт менен ибадаттарды чектөө уруксат деп айтышат. Биринчиси, бул чектөөнү сүннөт деп ойлобоо керек. Экинчиси, бул чектөө Куранга же хадиске каршы келбеши керек. Мисалы: Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадисинде жума күнүндө гана орозо кармоону тыйган. Мында, жума күндөн башка күндү чектегенге уруксат бар деп жыйынтык чыгарууга болот. Мисал катары айтсак, кимдир бирөө шаршемби күнү гана орозо кармап, муну адатка айланткан болсо, буга тыюу жок. Демек, мавлид маселеси бидъат маселесине келип такалат. Ошондуктан бидъат маселесин терең билүү зарыл.

Жыйынтык

            Демек, пайгамбарыбызга (с.а.в.) арнап мавлид өткөрүү жакшы амал (мустахаб) болуп саналат. Каалаган өткөрөт, каалабаган өткөрбөйт. Бул ар бир адамдын өз эркиндеги нерсе. Мындагы негизги маселе үммөттүн бөлүнүп-жарылышына, ынтымак кетип, бири-бирин жаман көрүшүнө алып барбоого тийиш.[44] Алла Таалага мактоо, пайгамбарыбызга (с.а.в.)  салам жана салаваттар болсун. Туура жолдон адаштырбасын.

Даярдаган: Ош облустук мусулмандар казыятынын фатва жана даават бөлүмүнүн адиси Марат уулу Баястан


[1] Ибрахим Анийс, Муъжамул-васит (мавлид).

[2] Абдул Фаттах бин Салих Кудайш Яфиъи, «Хукму ихтифал бил-мавлидин-Набави байнал-Мужизийна вал-Мааниъийн, 5-6-беттер.

[3] Ибн Касир, «Бидая ва Нихая», XIII т., 159-б.

[4] Ибн Халкан, «Вафаятул-Аъйаан», I т., 211-б.; III т., 449-б.

[5] Имам Суюти, «Сияру аълами нубала», XXII т., 336-б.

[6] Абу Аббас Аннасири, «Истикса лиахбари дувалил магрибил-Акса» III т., 90-б.

[7] Албаис ала инкарил бидаъ I т., 23-б.

[8] Бидая ва нихая, XIII т., 159-б.

[9] Алмаваиз вал иътибар, III т., 399-б.

[10] Хави лилфатава лисуюти, I т., 283-б.

[11] Алмиъярул муъроб лилваншириси, 11-том, 278-бет.

[12] Хави лилфатава лисуюти, I т., 282-б.

[13] Хукму ихтифал бил-Мавлидин-Набави байнал-Мужизийна вал-Мааниъийн, 17-18-беттер.

[14] Сиратул халабия, I т., 137-б.

[15] Субулул худа варрошад фи сироти хойрил ибад, I т., 362-б.

[16] Нафху тийб, VI т., 513-б.

[17] Алмавахибул ладуния, I т., 148-б.

[18] Шархул мавахибул ладуния, I т., 262-б.

[19] Хадаикул анвар фи сирa, 105-б.

[20] Нихаятул ийжаз фи сирaти саакинил-хижаз, I т., 59-70-беттер.

[21] Байхаки, Абу Нуайм, Хаким ж.б. риваятынын негизинде: «Бидая ванихая», II т., 267-б.

[22] Ибн Касир, «Бидая ва нихая», II т., 263-б.

[23] Абдулкадир Иса Даййааб, «Мизанул адил литамйизил хакки минал-батил», 344-б.

[24] Кенерирээк караңыз: Ибн Хажар, «Хави лил-фатава лисуюти», I т., 282-б.

[25] Имам Суюти, «Хави лилфатава лисуюти», I т., 282-б.

[26] Ибн Хажар, «Фатхул бари», IX т., 124-б.

[27] Хави лилфатава лисуюти, I т., 283-б.

[28] Латаифул-Маъариф, 114-б.

[29] Сунану Насаи, I т.,221-б.

[30] Сахиху Муслим, III т., 6-б.

[31] Хаким Мустадрак III т., 369-б.; Табарани, Муъжамул кабир, IV т., 213-б.

[32] Ихтифал бимавлидинаби, 50-б.

[33] Ихтифал бимавлидинаби, 20-21-бб.

[34] Кененирээк маалымат үчүн: Мизанул адил …343-350-беттер.

[35] Ихтифал бимавлидинабави, 3-33-беттер.

[36] Иктиза сиратул-мустаким, I т., 294-297-бб.

[37] Хашиятул хураши лил-адави, VIII т., 136-т.

[38] Хави лилфатава лисуюти, I т., 273-б.

[39] Ихтифал бимавлидин-Набави, 51-б.

[40] Ушул эле эмгек, 52-б.

[41] Ушул эле бет

[42] Тартибул-мадарик тарибул-масалик, I т., 55-б.

[43] Абдул Кадир Иса Даййаб, Мизанул-адил, 347-б.,

[44] Ихтифал бимавлидин-Набави, 56-б.