Ысык-Көл облусунун Кашат айылына курулган жаңы мечит эл кызматына берилди

Ысык-Көл облусунун  Кашат айылына курулган жаңы  мечиттин ачылыш аземи болуп, саамалыкка Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү  Садыбакас ажы Доолов, Кашат айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Байзаков, айылдык кенештин депутаттары,  аксакалдар жана жергиликтүү тургундар  катышты.

Заманбап шарты менен курулган мечиттин салынышына Нурдин Усенов салым кошуп, айыл тургундарынын алкышына татыды.

«Мечит-бул Алланын үйү. Мечитибиз ыймандын, адеп-ахлактын очогу болсун. Жаштарыбыз ыймандуу болуп, келечегибиз оңолсун»,-деди айыл имамы.