Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференция Бишкекте өтөт

Бүгүн, 12-сентябрда Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Россия мусулмандарынын  дин башкармалыгы жана Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Рушан Хазрат Аббаясов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Чотаев Закир Жеңишбековичтин катышуусунда  «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференциясына көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат беришти.

Конференция алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев бул эл аралык конференция алгачкы ирээт Кытай Эл республикасында өтүп, анын максаты улуу жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин ынтымак менен биримдигин, достук алакаларын жакшыртуу максатын көздөй тургандыгын билдирди.

«2016-жылы Руханий Жибек жолу аталышындагы конференция Кытай Эл республикасында өтсө, андан соң Россияда өтүп, эстафета бизге өткөн. Учурда бардык даярдыктар көрүлдү»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми Россия мусулмандарынын  дин башкармалыгы жана Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары Рушан Хазрат Аббаясов бул конференциянын кыргызстанда өтүшү жоң жетишкендик экендигин айтып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.

Муну менен катар маалымат жыйынында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Чотаев Закир Жеңишбекович бул демилге мамлекет тарабынан колдоого алынып, конфессиялар ортосундагы ынтымактын бекемделишине жана терс диний агымдардын алдын алууда өзүнүн салымын кошо тургандыгын билдирди.