Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Серикбай ажы Ораз менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Серикбай ажы Ораз менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, дин башкармалыктар арасындагы досукту, тажрыйба алмашууну, биргеликте иш чараларды өткөрүүнү жана эки элдин достугун бекемдөөдөгү дин башкармалыктардын орду туурасында пикир алышты.

Муну менен катар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө келечекте дин башкармалыктардын ишмердүүлүктөрүн мындан дагы жакшыртуу максатында атайын дин кызматкерлеринин тажрыйба алмашуусун уюштуруу, окуу жана фатва, ажылык менен айт күндөрүн белгилөө туурасында бирдиктүү жумуш алып баруу жаатында бир пикирге келишип, муну иш жүзүнө ашыруу учурдун талабы экендигин белгилешти.

Расмий жолугушуунун акырында Казакстан мусулмандар дин башкармалыгынын Азирети Муфтийи Серикбай ажы Ораз Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевге өзүнүн калемине таандык китепти жана  көөкөр белек кылды.