Бишкектеги «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференция өтүүдө

Бишкек шаарындагы Жаннат мейманканасынын жыйындар залында «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференция өтүүдө. Эл аралык конференцияга Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Эстония, Литва мамлекеттеринин муфтийлери, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, дин аалымдары жана серепчилер катышууда.  «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференциянын ачылыш аземинде КР Президентинин Аппарат жетекчиси Эсеналиев Досалы Акпаралиевич өлкө башчынын салымын жолдоп, конференциянын ишине ийгилик каалады. Ал эми Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев алтындай убактысын бөлүп келишкен Азирети Муфтийлерге ыраазычылыгын билдирип, бул иш чаранын Кыргызстанда өтүп жаткандыгы чоң сыймык экендигин баса белгиледи. Ошондой эле Азирети Муфтий конференциянын өтүшү дин башкармалыктар арасындагы достукту, ынтымак менен биримдикти, бир туугандыкты жана карым-катнашты бекемдей тургандыгын билдирди.

Ал эми «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференциянын жүрүшүндө жалпы катышуучулар терс диний агымдардын алдын алуу, басылмаларга анализ жүргүзүү жана дин башкармалыктардын коомдогу орду темаларында докладдарын окуп, өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришүүдө.

Эл аралык конференцияга Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин курамы, эксперттер жана жогорку окуу жайдын мүдүрлөрү катышууда.