Азирети Муфтий Орусия Муфтийлер Кеңешинин төрагасы, Муфтий шейх Равиль Гайнутдин менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орусия Муфтийлер Кеңешинин жана Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы, Муфтий шейх Равиль Гайнутдин менен жолугушуп, конференциянын өтүшү, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу жана достук алакаларды бекемдөө жаатында пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Орусия муфтийлер Кеңешинин төрагасы шейх Равиль Гайнутдин Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен тыгыз кызматташып, ошол эле учурда достук мамилелер бекемделгенин билдирди.

«Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференциягы жогорку деңгээлде уюштурууга кошкон салымыңыз жана КР Президентинин Аппарат жетекчисинин катышуусу биз үчүн чоң сыймык. Бул иш-чара дагы бир жолу Жибек-Жолундагы алакаларыбызды дагы бир жолу бекемдеди. 31-августта эгемендүүлүк майрамын белгилесеңиздер, 2-сентябрда көчмөндөр оюнун ал эми бүгүн “Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференциясын өткөрүп,  бул саамалык барыбыздын башыбызды бириктирди”,-деди шейх Равиль Гайнутдин.

Муну менен катар Орусия муфтийлер Кеңешинин    жана Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы эл аралык конференциянын өтүшү мамлекеттер аралык достукту, ынтымакты бекемдеп, кызматашуу жаатында өзүнүн чоң салымын кошоорун билдирди.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев эл аралык конференциянын демилегчилеринин бири болгон шейх Равиль Гайнутдинге ыраазычылыгын билдирүү менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар дайым тыгыз кызматташууга даяр экендигин жана эки тараптуу кызматташуу мындан дагы жакшыра берээрин баса белигелеп, өткөрүлгөн эл аралык конференциянын жыйынтыгы боюнча ар бир квартал сайын отчет берип, кандай иш чаралар өткөрүлүп жаткандыгы боюнча маалымат алышып туруу учурдун талабы болуп тургандыгын билдирди. Ошондой эле Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев “Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференциянын жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияны коомчулуктун калың катмарына жеткирип, бул жаатта иш алып баруу маанилүү экендигин кошумчалады.

Эки тараптуу жолугушуунун соңунда тараптар белек-бечкектерин тапшырышып, бири-бирине ыраазычылыктарын жана жылуу пикирлерин билдиришти.

,, ,,,,,,,,,