Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи менен Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи эки тараптуу кызматташуунун жаңы жолдорун талкуулашты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев “Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференциянын алкагында Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын баш Муфтийи Серикбай ажы Ораз менен жолугушуп, Муфтияттар ортосундагы кызматташуу жана  дин кызматкерлеринин тажрыйбасын бекемдеп, окуу, дин башкармалыктардагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен жакындан таанышуу, эки өлкөнүн дин бакшармалыктарынын биргеликте иш алып баруусу жаатында пикир алышты. Муну менен катар сүйлөшүү учурунда буга чейинки жетишкендиктер жана ийгиликтер талкууланып, мындан аркы кызматташуунун жаңы жолдору каралды.

Ал эми Казактан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын баш Муфтийи Серикбай ажы Ораз “Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу IV-Эл аралык диний-илимий конференция 2019-жылы Казактан Республикасында өтө тургандыгын айтып, Бишкекте өткөн бул ишчара жогорку денгээлде уюштурулгандыгын билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун соңунда тараптар белек-бечкектерин тапшырышып, бири-бирине ыраазычылыктарын жана жылуу пикирлерин айтышты.