Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематилла Жээнбеков Базар-Коргон районундагы мечиттерге зыярат кылды

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематилла Жээнбеков казыяттын эмгек жамааты менен бирге Базар-Коргон райондук хатибиятына караштуу жума мечиттерине зыярат кылышты.

Зыярат Базар-Коргон районундагы “Ак Тайлак” жана  “Хизир” жума мечиттеринде болуп, анда жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрдү.

Анда айыл тургундарын ыйык рамазан айы менен куттуктап, жамаат менен бирге таравих намаздарын окуп, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүн, элдин ынтымагын, биримдигин Жараткандан тилеп, дуба кылды.