«ИЛИМДҮҮНҮ ИЙГИЛИК ИЗДЕЙТ» аттуу китеп окуу конкурсуна катышып, батирге ээ болуңуз!

Кечээ, 20-апрель күнү Ош облустук мусулмандар казыятына Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана КИУ тарабынан уюштурулуп жаткан Республикалык «ИЛИМДҮҮНҮ ИЙГИЛИК ИЗДЕЙТ» аттуу китеп окуу конкурсу  үчүн борбор калаадан 1500 даана китеп келди.

«ИЛИМДҮҮНҮ ИЙГИЛИК ИЗДЕЙТ» аттуу китеп окуу конкурсу «Ыйман Бутактары», «Өчпөс Өмүр» жана «Бакыт Ордосу» китептеринин негизинде өткөрүлмөкчү. Баш байгени жеңгендерге эки бөлмөлүү батир берилмекчи. Калган байгелүү орундарга акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылмакчы.

«ИЛИМДҮҮНҮ ИЙГИЛИК ИЗДЕЙТ» аттуу китеп окуу конкурсу ушул жылдын 27-ноябрь күнү өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталат.

Конкурска катышууну каалагандар ушул жылдын 20-ноябрь айына чейин катталышы зарыл.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөндөгү номерлерге кайрылсаңыыздар болот:

0551 808 989, 0779 808 989 Ош облустук казыяты.

Эскертүү: Сынакка катышууну каалаган окурман бир гана китепти тандай алат жана алдын ала жогорудагы номерге билдирүүсү зарыл.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 13-мартында «БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК» жана «ОКУГАН МУУН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК» аттуу Республикалык деңгээлде китеп окуу сынагы болуп, анда баш байгеге бир бөлмөлүү батир берилген эле.