«Умму Мухаммад» медресесинин студенттерине компьютердик окуу курсун аяктагандыгы тууралуу сертификаттар тапшырылды


Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинин студенттери КМДБ жана АВЕП коомдук фондунун «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында компьютердик окуу курсун ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ болушту.

Медресе мүдүрү Кутман ажы Орунбаевдин айтымында медресе жаштары ар тараптуу болуусу биз үчүн чоң жетишкендик. Анткени жаштар өнөр үйрөнсө өзүнө, үй-бүлөсүнө жана өлкөбүзгө пайда алып келет. 

«Компьютердик окуу курсунун натыйжасында медресе студенттери компютерди мыкты өздөштүрүштү. Бул алардын жашоосуна пайдалуу кесип болот деп ишенебиз», — деди медресе мүдүрү Орунбаев.

Айта кетсек, окутуу Secom Билим берүү жана өнүгүү борборунун мугалимдери тарабын жүргүзүлдү.