Каракол шаарынын хатибияты 40 муктаж үй-бүлөгө «Рамазан баштыкчасын» таратты

.
Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде «Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы» жана «Assanabil» фондунун демөөрчүлүгү менен Каракол шаарындагы 40 жакыр үй-бүлөгө кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү.

Мында ар бир үй-бүлөгө 2500 сомдук азык-түлүк жеринде таратылды. Ар бир баштыкта 10 кг ун, кумшекер, өсүмдүк майы, күрүч, кесме, шириндиктер жана башка азык-түлүктөрдү түздү.

Мындай кайрымдуулук иш-чаралар дагы да уланаарын, садака берүүнүн сообу эбегейсиз чоң экенин баш имам хатиб Талант ажы Сабриков билдирди.

«Куттуу хадисте минтип айтылат: «Садака 70 түрдүү балээге тоскоол болот» (Суютии, Жамиус Сагир, II, 52). Өзгөчө Ыйык Рамазанда берилген садаканын сообу жогору. Андыктан бири-бирибизге кол суналы»,-деди Сабриков.