Ош шаардык мэриясында дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлдү

Ош шаардык мэриясынын алдындагы дин иштери боюнча Координациялык кеңешинин кезектеги отуруму өткөрүлүп, анда төмөндөгү  үч маселе каралды:

1. Ош шаарындагы эки хатибият жана 9 намазкананы эсептик каттоодон өткөрүү;
2. Мечиттерде санитардык гигиеналык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө;
3. Аялдарга, балдарга карата зордук-зомбулуктун, эрте никеге турууга жол бербөө.

Жыйынга Ош шаарынын вице-мэри Шадыханов Эмиль, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, ДИМК ТАБнын адиси Эсенов Бөрүмухаммед жана Ош ШИИБдин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош шаардык маданият башкармалыгынын,  Ош шаардык жаштар комитетинин жана муниципалдык башкармалыктын өкүлдөрү катышты.

Ошону менен бирге Ош шаарындагы жалпы мечит имамдары, диний окуу борборлордун жана медресе мүдүрлөрү катышып, жогоруда аталган маселелер боюнча талкуу жүргүзүлдү. 

Айта кетсек, учурда 9 намазкананы мечит катары каттоодон өткөрүү үчүн документтери даярдалууда.