Жалал-Абад шаарында жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Кечээ, 22-апрелде Жалал-Абад облусундагы «Аль-Мубин» кайрымдуулук фонду Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ыйык рамазан айынын урматына майрамдык баштыкчаларды таратышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков элди ыйык рамазан айы менен куттуктап, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эли-журтубуздун амандыгын тилеп, бат кылды.

Жалпысынан 20 үй-бүлөгө таратылып, майрамдык баштыкчанын ар бири 4000 (төрт миң) сомду түздү.