Ош шаарында окуучуларга билим алуунун зарылдыгы боюнча окуу сабагы өткөрүлдү

Ош облусунун мусулмандар казысынын жардамчысы Иманбек Азизилла уулу Ош шаарындагы мектептерде адеп-ахлактын пазилеттери жана билим алуунун артыкчылыктары боюнча сабак өттү. Окуу сабагы калаадагы №14 К. Алтыбаев атындагы орто мектебинде, №52 «Кыргыз-түрк достугу» мектеп-лицейинде, №2 К. Маркс жана №18 А. Навои атындагы мектеп-гимназияларында өтүлдү.

Окуучуларды билим алууга жана адептүү болууга үндөгөн баяндамада келечек ээлерин мыкты билим алууга, убакытты туура пайдаланууга, ата-энени урматтоого чакырды.

«Мевляна: «Эң чоң ысырап – өмүр ысырабы» деген. Жаштыгыңарды ашкере оюн-күлкү менен өткөрүп жибербегиле. Энергияңарды болбогон нерселерге ысырап кылбагыла. Бул буйрук эмес, өтүнүч. Мекен үчүн, мамлекет үчүн, керек болсо адамзат үчүн пайдалуу болом деген асыл мүдөөңөр болсун», – деди Азизилла уулу.

Мындай окутуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасына ылайык уюштурулганын Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин өкүлү Анарбек Кожомберди уулу буларга токтолду.

«Мыкты тренерлер менен биргеликте жаштардын адеп-ахлагын, билим деңгээлин жакшыртуу, жаштарды ынмымакка чакыруу, жаштар арасында достукту бекемдөө, билим алуунун артыкчылыктары жана мекенчилдик сезимдерди күчөтүү максатында Ош шаарындагы студенттер, мектеп окуучулары үчүн Адеп сабактарын уюштурууну уланта бермекчибиз», – деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, Иманбек Азизилла уулу буга чейин да Ош шаарындагы орто мектептерде Адеп сабагын өтүп келген.