Салиха окуу борборунда маркумдарга багышталып отуз пара Куран окулду

Бүгүн, 23-апрель күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагындагы «Салиха» аялдар окуу борборунда ыйык Рамазан айында маркумдардын урматына багышталып, отуз пара Куран окулуп, дуба кылынды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, казыяттын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова, шарк айыл аймагынын жооптуу имамы Рахимжан ажы Нишанов, Кара-Суу РИИБдин өкүлү милициянын ага лейтананты Алайбек Кадырбаев жана айыл тургундары катышты.

Бул саамалыкта Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Рамазан айынын пазилеттери, орозо кармоонун сооптору, Алла Тааланын нематтары жана аялдарды татыктуу уулдарды тарбиялоого чакырып, Жараткандан элибиздин амандыгын, бүтүндүгүн тилеп дуба кылды.

Ал эми ДИМКнын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты, дин багытындагы мыйзам актылары жана диний экстремизм жана терроризм боюнча бир катар маалыматтарды айтып өттү.