Кара-Суу районунда Рамазан айына карата 40 үй-бүлөгө 102700 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында жайгашкан «Мирзалим» атындагы мечиттин имамы Мусажан Усмановдун демилгеси менен жардамга муктаж 40 үй-бүлөгө 102700 сомдук  азык-түлүк таратылды.

Кайрымдуулук иш-чарасын жергиликтүү демөөрчүлөр колдоого алып, муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү жеринде тапшырышып, муктаждарга жагымдуу маанай тартуулашты.

Азык түлүктөрдөн эт, ун, май, макрон, күрүч  жана курма сыяктуу күнүмдүк жашоого керектүү азык-түлүктөр сатып алынды.

«Имамдарыбыз буга чейин да кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп, демилгелерди көтөрүп келишкен. Учурда биздин имамдар жакшылыкта жарышып жаткан кези. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «Жакшылыкка далалат кылуучу, аны кылган сыяктуу» деп айткан. Жараткан Аллах бүтүндөй жакшылыкка себепкер болгондордон ыраазы болсун», -деди Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.