Ош шаарындагы дин кызматкерлери ишембилик иш-чарасын өткөрүштү


Бүгүн, 24-апрель күнү Ош шаарындагы дин кызматкерлери Ош шаардык мэриясы менен биргеликте ишембилик иш-чарасын уюштуруп, ага 100 дөн ашуун жергиликтүү тургундары дагы катышты. 

Ишембиликте зоопарктын айланасын  жана А. Навои атындагы паркындагы арыктарды акыр-чикирден тазалашты. 

Таштандыларды ташуу үчүн 5 унаа тартылды. Айта кетсек, Ишембилик үчүн керектелүүчү буюмдарды ар бир катышуучу өзү кошо ала келгендигин жана мындай иш-чараларды буга чейин да өткөрүп келишкендигин билдиришти.