Муфтияттын Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарында Рамазан чатырын уюштурушуп, ага 500гө чукул жаран катышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин демилгеси менен  Москва шаарында эмгектенген мекендештерге, диаспора өкүлдөрүнө Рамазан чатыры уюштурулуп, саамалыкка КР Орусиядагы элчисинин орун басары Айдит Эркин, Орусия мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлү катышты. Саамалык Куран окуу менен башталып,  Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Ал эми КМДБнын Орусиядагы өкүлү Рамазан чатыры эки өлкөнүн достугун бекемдеп, Орусия аймагында эмгектенип жүргөн мекендештердин башын бириктирүү менен мусулмандардын Дин Башкармалыктары арасындагы кызматташууну жакшырта тургандыгын баса белгиледи.

«Рамазан айы Куран түшкөн ай болгондуктан мусулмандар үчүн маанилүү жана ыйык. Ошондуктан ыйык айда ар бирибиз ыймандашып, ынтымагыбызды, достугубузду, бир туугандыгыбызды жана кызматташтыгыбызды бекемдейли. Рамазан айында улуттар арасындагы достугубуз чың болуп, туугандык мамилелерибиз арта берсин»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Муну менен катар иш-чара алкагында КР Орусиядагы элчисинин орун басары Айдит Эркин сөз сүйлөп, Рамазан чатырынын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирүү менен эки дос өлкөнүн мамилелери мындан ары дагы бекемделе бере тургандыгын айтып, мекендештерди биримдикке, ар дайым камкор болууга чакырды.

Рамазан чатырынын алкагында сүйүктүү пайгамдарыбыз (САВ) улукталып, Манас айтылып, ыйык айдын урматына карата атайын программалык салтанаттар уюштурулуп, куттуктоолор айтылды.

Саамалыктын соңунда Сүйүмбек ажы Жусубалиев Орусия аймагында иштеп, кайрымдуулук иштерин уюштуруп, КМДБ менен тыгыз алакада болуп келген атуулдарды ардак баракчалар менен сыйласа, Орусия мусулмандарынын Дин Башкармалы КМДБнын Орусиядагы өкүлүнө ыраазычылык баракчасын тапшырып, мындан аркы иштерине ийгилик каалады.  

Эскерте кетсек, Рамазан чатырына жалпысы болуп 500гө чукул жаран катышып, ооз ачышты.